33
КЫРГЫЗ
• Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
• Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак
болуу зарыл.
• Бекитмени (1) жылдырып, түздөткүчтү ачыңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз,
ошондо дисплейде (5) «OFF» белгиси пайда болот.
• Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (2) басып кармап туруңуз, дисплейде (5)
абалкы коюлган «190°С» иштөө пластиналардын
ысытуу температурасы менен дисплейдин (5) сол
жагында ысытуу шкаласы үлпүлдөп күйүп баштайт.
Эскертүү:
Биринчи жолу иштеткенде ысытуу
элементинен башкача жыт чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу көрүнүш.
• Керек болсо, иштөө пластиналардын керектүү
температурасын баскычтары (3) аркылуу коюп
алыңыз.
Чачтын түрү
Температура
Бузулган, боелгон, ыраңы
кетирилген, жука
+150°С - +180°С
Нормалдуу
+180°С - +210°С
Профессионалдык жасамы үчүн
+210°С - +230°С
• Иштөө пластиналары коюлган температурасына
чейин ысыганда, дисплейдеги (5) температуранын
цифралуу көрсөткүчтөрү өчпөй күйүп турат да
ысытуу шкаласы дагы өчпөй күйүп турат.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (4) арасына
салыңыз.
• Шайманды туткасынан кармап, пластиналарды (4)
жабыңыз.
• Көп күчтү салбай, иштөөчү пластиналарды (4) чач
тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
IM VT-8401_70x130.indd 33
19.05.2017 9:24:28