
31
КЫРГЫЗ
колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Түздөткүчтү иштеткенден мурун шаймандын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
•
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил
жалындап кетүүчү суюктуктар колдонулган
жерлерде колдонбоңуз.
•
Чачты түздөтүп бүткөндөн кийин гана лакты
колдонуңуз.
•
Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар
дайым шайманды электр тармагынан суруңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармаңыз.
•
Шаймандын корпусун, электр шнурун жана
сайгычын суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Шайманды ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, шаймандын корпусун,
электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын сууга же
башка суюктуктарга салбаңыз.
•
Ваннада киринген убакытта шайманды
колдонбоңуз.
•
Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар!
Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат
бербеңиз!
Тумчуктуруунун коркунучу бар!
•
Шайман иштеген учурда балдарга шаймандын
корпусун, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
тийгенге уруксат бербеңиз.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
IM VT-8283_70x130.indd 31
11.10.2018 16:29:13