![Vitek VT-2552 BK Manual Instruction Download Page 23](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-2552-bk/vt-2552-bk_manual-instruction_1035458023.webp)
23
КЫРГЫЗ
VT-2552 BK ЧАЧ ҮЧҮН ТРИММЕРИ
Триммер чачтын узундугун өзгөртүү, денедеги чачты алуу
жана мурун менен кулактагы чачты коопсуз алуу үчүн
арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Батарея отсегинин капкагы
2.
«ON/OFF» өчүргүчү
3.
Насадкаларды орнотуу жайы
4.
Триммер насадкасы
5.
Тарак насадкалары (2 мм, 4 мм)
6.
Кесилген чачтын узундугун жөнгө салуучу деталдык
триммер насадкасы
7.
Кулак менен мурун үчүн триммери
8.
Сактоо үчүн баштыгы
9.
Тазалоо үчүн кыл калеми
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Триммерди пайдалануудан мурун ушул колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүңүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын бузулуусуна,
колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө
алып келиши мүмкүн.
•
Жыйынтыгына кирген насадкасын гана пайдаланыңыз.
•
Шайманды температурасы жогору же салыштырмалуу
нымдуулугу 80% ашык болгон жерлерде колдонбоңуз.
•
Шайманды табигый адам чачын кыркуу үчүн гана
колдонуңуз.
•
Шайманды жасалма чачты жана жаныбар жүнүн кыркуу
үчүн колдонууга тыюу салынат.
•
Шайманды пайдалануунун алдында насадкалары туура
орнотулганын текшерип алыңыз.
•
Насадкаларын орнотуу же чечүүнүн алдында шайманды
өчүрүңүз.
•
Триммер насадкасын денедеги моюндан ылдый болгон
жерлеринде гана колдонуңуз. Бет менен башыңыздагы
чачты алуу үчүн триммер насадкасын колдонууга тыюу
салынат.
•
Гигиеналык себептен триммерди бир гана киши колдонуу
зарыл.
•
Триммердин тышкы панжарасы жука, бузулуулар пайда
болбос үчүн чач кыркканда же тазалоо мезгилинде өтө
көп күч салбаңыз.
•
Насадкалардын бузулуулары пайда болгонда шайманды
колдонууга тыюу салынат.
IM VT-2552_70x130.indd 23
18.09.2017 12:57:08