26
КЫРГЫЗ
–
Деталдуу триммер насадкасы (6) кыркылган чачтын
узундугун 2 мм–5 мм аралыгында коюуга мүмкүндүк
берет, ал үчүн жөндөгүчүн өйдө/ылдый жылдырыңыз.
Кулак менен мурундагы чачты алуу үчүн триммери (7)
–
Кулак менен мурундагы чачты алуу үчүн триммерди (7)
акырындык менен колдонуңуз.
–
Кулак калканыңызга же танооңузга триммердин (7)
металл учун гана салыңыз.
–
Триммердин учун айланып жүрүүчү жана илгери
адымдаган жай кыймылдарды жасап, акырындык
менен мурдуңузда же кулагыңызда чачтарды алып
салыңыз.
–
Триммерди (7) мурдуңузда же кулагыңызда чачты алуу
үчүн гана колдонуңуз.
Шайманды иштетүү
–
Керектүү насадкасын (4, 6, 7) коюлуучу жайына (3)
орнотуп, саат жебесинин багыты боюнча токтогонуна
чейин бураңыз.
–
Керек болгондо триммер насадкасына (4) тарактын (5)
бирин орнотуңуз.
–
Өчүргүчтү (2) «ON» абалына коюңуз.
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин өчүргүчтү (2) «OFF»
абалына коюңуз.
Эскертүү:
иштетүүнүн тыныгууларында шайманды
милдеттүү түрдө өчүрүп туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Иштетүүдөн кийин триммерди ошол саматта эле
өчүрүңүз.
–
Коюлган насадкасын сааттын жебесине каршы бурап
чечиңиз.
–
Кыл калемдин (9) жардамы менен насадкасын кыркылган
чачтан тазалап алыңыз.
–
Насадкаларын жылуу суу агымынын астында жуусаңыз
болот, андан соң аларды сүртүп, жакшылап кургатуу
зарыл.
–
Триммердин корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп, кургатып сүртүңүз.
–
Корпусу менен насадкаларын тазалоо үчүн эриткичтерди
жана абразивдүү тазалоо каражаттарды колдонууга
тыюу салынат.
САКТОО
–
Шайманды сактоого алып салгандан мурун аны тазалап
алыңыз.
–
Ыңгайлуу сактоо үчүн баштыгы (8) каралган.
–
Шайманды балдардын колу жетпеген кургак салкын
жеринде сактаңыз.
IM VT-2546_70x130.indd 26
09.10.2017 11:27:13