
КЫРГЫЗ
22
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН
АЛДЫНДА
Төмөнкү температурада түз
мөктү транспорттоодон же сак-
тоодон кийин аны үч сааттан кем
эмес мөөнөткө үй температура-
сында сактоо зарыл.
• Түзмөктү кутудан чыгарып, иштеге-
нине тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
• Түзмөктүн
бүтүн
болгондугун
текшерип, бузулуулар бар болсо
түзмөк колдонбоңуз.
• Түзмөктү биринчи жолу иштет-
кенден мурун түзмөктүн иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун тек-
шерип алыңыз.
КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Оптималдуу жыйынтык алуу үчүн
чачыңызды шампунь менен жууп,
кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен
кургатып, тарап алыңыз. Андан соң
жасалоону баштаңыз.
• Чачыңызды 4-5 см туурасындагы
тутамдарга бөлүңүз.
• Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
• Иштетүү/өчүрүү баскычын (2)
«On» абалына коюңуз, ошондо
шаймандын иштөө индикатору (3)
күйөт.
• Шайманды тегиз ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө түпкүчүнө (7) коюп,
ысытып алыңыз.
• Бош колуңуз менен чачтын бир ту-
тамын кармаңыз.
• Баскычтын туткасын (4) басып,
тутамдын учун иштөө бетине (5)
салып, баскычты бошотуңуз. Ту-
тамды иштөө беттин үстүнө туруп
алыңыз.
• Бир нече убакыт күтүп, баскычтын
туткасын (4) басып, тутамды бошо-
туп алыңыз.
• Бул процедураны калган тутамдар
үчүн кайталаңыз.
Эскертүү:
– Шайман иштеп турган убагын-
да иштөө бетин колуңуз менен
тийбеңиз.
– Биринчи колдонгондо, иштөө бе-
тинен башкача жыт жана бир аз
түтүн чыгышы мүмкүн, бул таби-
гый көрүнүш.
– Иштетүүнүн тыныгууларында
шайманды тегиз ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
– Чачыңызды жасалоодон кийин
дароо тарабаңыз, муздаганына
убакыт бериңиз. Чачыңыз таби-
гый көрүнгөнү үчүн чачтын чоң
тутамдарын майдараак тутам-
дарына акырын бөлүп алыңыз.
• Чачты тармалдатуу процедурасын
бүтүргөндөн кийин иштетүү/өчүрүү
баскычын (2) «Off» абалына коюп,
шайманды өчүрүңүз, ошондо инди-
катору (3) өчөт.
• Электр шнурунун сайгычын розет-
кадан суруңуз.
• Шайманды түпкүчтүн (7) үстүнө
коюп, толугу менен муздатып
алыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
• Шайманды тазалагандын алдында
аны электр тармагынан суруп, то-
лугу менен муздатып алыңыз.
• Шаймандын корпусун, электр шну-
рун жана кубаттуучу сайгычын су-
уга же башка ар кыл суюктуктарга
салууга тыюу салынат.
• Шайманды
тазалоо
үчүн
абразивдүү каражаттарды же ар
кыл эриткичтерди колдонууга тыюу
салынат.
• Шаймандын корпусун бир аз ным-
дуу чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
САКТОО
• Шайманды сактоого алып салу-
унун алдында аны толугу менен
муздатып, тазалап алыңыз.