
25
КЫРГЫЗ
–
Жумушак щеткасы менен «чаңдаткычтын»
үстүндөгү минералдуу жука кабатын кетириңиз
да иштөө камерасын (8) нейтралдуу жуучу
каражаттын эритмеси менен жууңуз.
–
Иштөө камерасын (8) бир нече жолу чайкап
алыңыз. Иштөө камерасын (8) жумушак
чүпүрөк менен сүртүңүз.
–
Нымдаткычтын корпусун (9) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүңүз.
–
Корпустун (9) асты жагында жайгашкан аба
алгычы (4) менен аба алгычтын панжарасын
(11) кирделгенинде улам тазалап туруңуз.
–
Калкыманы (5) тазалоо үчүн аны чечиңиз, ал
үчүн аны көтөрүп, кармагычтын (6) оюгунан
биринчиден калкыманын сол жагын чыгарып,
андан соң оң жагын чыгарыңыз. Калкыманы (5)
минералдуу катмарынан тазалаңыз.
–
Калкыманы (5) ордуна орнотуңуз, ал үчүн
биринчиден калкыманын (5) оң жагын
кармагычтын (6) тешигине киргизип, андан
соң калкыманын сол жагын кармагычтын (6)
оюгуна киргизиңиз, калкыманын (5) огунда
жылуусу (айлануусу) тосмолобой турганын
текшерип алыңыз.
Эскертүү:
–
нымдаткычтын корпусун сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
–
«чаңдаткычты» (7) тазалоо үчүн абразивдүү
же эритүү каражаттарды колдонбоңуз.
–
«чаңдаткыч» (7) менен калкыманы (5)
тазалоо үчүн чайнектеги кебээрди кетирүүчү
каражаттарды колдонмосун аткарып
колдонсоңуз болот.
САКТОО
–
Шайманды сактоо үчүн алып койгондон
мурун резервуардан суусун төгүп, иштөө
камерасы жана «чаңдаткычы» кургак болгонун
текшериңиз.
–
Иштөө камерасында (8) жана резервуарында
(2) суусу болсо шайманды сактоого тыюу
салынат.
–
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
БУЗУЛУУЛАРДЫ ЖОЮУ
Бузулуу
Мумкун себептери
Бузулууларды жоюу
«Буу» чыкпай турат
Шайман туура эмес кошулган Электр шнурунун сайгычы розеткага
сайылганын текшериңиз.
Шайман иштетилген эмес
Баскычын (13) басып шайманды
иштетиңиз.
Резервуардагы суучу жок же аз Чукурга (2) жетиштүү суу куюңуз.
Шайман иштегенде
башкача жыт чыгат
Шайманды биринчи
иштетүүсү.
Шайманды электр тармагынан
чыгарыңыз. Резервуарын чечип,
капкагын алыңыз, суу резервуарынан
суусун төгүп, резервуарды
12 саатка кургак салкын жерге коюңуз.
Кир же көпкө туруп калган суу Шайманды электр тармагынан
чыгарыңыз. Резервуарын чечип,
капкагын алыңыз, суу резервуарынан
суусун төгүп, резервуарды тазалап
алыңыз («Тазалоо жана тейлөө»
бөлүмүндө жазылгандай), анын ичине
таза сууну куюңуз.
Башкача дүрүлдөө
Суу резервуары туура эмес
орнотулган
Суу резервуары туура орнотулганын
текшериңиз.
Резервуардагы суусу аз
Резервуарга жетиштүү сууну куюңуз.
Шайман тегиз эмес жерде
орнотулган
Шайманды тегиз, туруктуу жерде
орнотуңуз.
IM VT-2346.indd 25
8/17/20 8:28 AM