26
КЫРГЫЗ
АШКАНА АСПАБЫ VT-1442
Ашкана аспап ингредиенттерди кошуу, соус
менен десерттерди (чалынган сүт, пудинг,
коктейль, майонез катары) жана камырды жууруу
үчүн арналган. Ашкана аспаптын топтомуна
кирген электрондук тараза тамак бышыруу үчүн
рецептиде жазылган керектүү ингредиенттердин
так көлөмүн тартууга жардам берет.
СЫПАТТАМА
1.
Ингредиенттерди кошуу үчүн тешиктин
капкагы
2.
Табактын капкагы
3.
Табак
4.
Кыймылдаткыч вал
5.
Кыймылдаткыч огун орнотуу жайы
6.
Мотор сапсалгысы
7.
Электрондук тараза
8.
Батарея бөлүктүн капкагы
9.
Таразаны орнотуу жайы
10.
Иштөө режимдерин которгучу «Р-0-1-2-3-4-5-6»
11.
Камыр жууруу үчүн саптама
12.
«Кош венчик» саптамасы
13.
«UNIT» өлчөм бирдигин тандоо баскычы
14.
Дисплей
15.
Иштетүү/өчүрүү/ырааттуу тартуу «
»
баскычы
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Ашкана аспабын пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Ашкана аспапты иштетүүдөн мурун, анын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна дал келерин текшерип алыңыз.
•
Ашкана аспабын тышкы таймер же аралыктан
башкаруусу бар электр розеткаларга кошууга
тыюу салынат.
•
Ашкана аспабын колдонуунун алдында
саптамалары менен тармактык шнурунун
абалын жакшылап карап, саптамалар менен
тармактык шнурунун бузулуулары жок
болгонун текшерип алыңыз. Бузулууларды
тапсаңыз, шайманды колдонбоңуз.
•
Электр шнурун ысык беттерге же эмеректин
учтуу кырларына тийгизбеңиз. Электр шнурдун
изоляциясын бузулууларына жол бербеңиз.
•
Шайманды жылуулук же ачык от булактардын
тикеден-тике жакынчылыкта колдонбоңуз.
•
Топтомго кирген саптамаларды гана
пайдаланыңыз.
•
Ашкана аспапты катуу каймак майы же
тоңдурулган камыр катары катуу азыктарды
аралаштыруу үчүн колдонууга тыюу салынат.
•
Саптамаларын
орнотуунун
алдында
тармактык шнурдун айрысы розеткага
сайылбаганын текшериңиз.
•
Ашкана аспабын колдонуунун алдында
саптамасы туура орнотулуп бекитилгенин
текшерип алыңыз.
•
Ашкана аспабын электр тармагына кошуунун
алдында иштөө режимдердин которгучу «
0
»
(өчүрүлгөн) абалында болгонун текшерип
алыңыз.
•
Түзмөктү имараттардын сыртында колдонууга
тыюу салынат.
•
Кош венчиктер менен токтоосуз иштетүү
мөөнөтү 10 мүнөткө чейин. Ашкана аспабын
10–15 мүнөттөн кем эмес мөөнөттөн кийин
кайрадан иштетиңиз.
•
Ашкана аспабын колдонуудан кийин иштөө
режимдердин которгучун «0» абалына коюп,
шайманды өчүрүңүз, кубаттуучу сайгычын
электр розеткадан чыгарыңыз.
•
Ашкана аспапты, тармактык шнурун жана
тармактык шнурдун айрысын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Түзмөк сууга түшкөн болсо, тармактык
айрысын розеткадан суруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
•
Мотор сапсалгысынын корпусун, электр
шнурун жана айрысын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
•
Аспап иштеп турган убагында анын
корпусундагы аба тешиктерин жаппаңыз, бул
мотордун өтө ысып кетишине алып келүү
мүмкүн.
•
Электр тармагына кошулган ашкана аспапты
кароосуз калтырбаңыз.
•
Түзмөктү
тазалоонун,
саптамаларын
алмаштыруунун алдында же аны колдонбой
турганда электр тармагынан өчүрүп туруңуз.
•
Түзмөктү электр тармагынан сурганда
аны шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармап абайлап розеткадан
чыгарыңыз.
•
Ашкана аспабын мезгилдүү түрдө тазалап
туруңуз.
IM VT-1442.indd 26
9/25/19 12:17 PM