• Сыналгыңызды өтө чаңдуу, температурасы жогору же
төмөн, нымдуулугу жогору, химиялык заттар бар жерде
же ал суткасына 24 саат бою иштей турган жерде, мисалы
аэропортто, темир жол вокзалында ж.б. жактарда орното
турган болсоңуз, анда маалымат алуу үчүн Samsung ыйгарым
укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз. Андай кылбасаңыз,
сыналгыңыз олуттуу зыянга дуушар болушу мүмкүн.
• Бул аппаратка тамчы же чачыранды тийишине жол
бербеңиз.
Сыналгыны дубалга орнотуу
Эгер бул сыналгыны дубалга орноткуңуз келсе,
өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүн так аткарыңыз.
Эгерде ал туура орнотулбаса, сыналгы жылып
же кулап, бала же чоң адам оор жаракатка
кабылып жана сыналгыга олуттуу зыян
келтирилиши мүмкүн.
• Samsung дубалга орнотуу топтомуна буйрутма берүү үчүн
Samsung тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Эгерде сиз дубалга өз алдынча орнотууну чечсеңиз,
Samsung Electronics өнүмдүн бузулушуна, же болбосо өзүңүз
же башка адамдар алган жаракат үчүн жооптуу эмес.
• VESA стандартына жатпаган же мүнөздөмөдө
көрсөтүлбөгөн дубалга орноткуч колдонулса же
керектөөчү өнүмдү орнотуу нускамаларын аткарбаса,
Samsung өнүмдүн бузулушу же адамдын алган жаракаты
үчүн жоопкерчилик тартпайт.
• Дубалга орноткучун бекем дубалга жана полго
перпендикулярдуу абалда болгондой кылып орнотуу
шарт. Дубалга орноткучун гипсокартондон башка беттерге
бекитүүдөн мурун, кошумча маалымат алуу үчүн жакынкы
дилериңизге кайрылыңыз. Эгерде сыналгыны шыпка же
жантайыңкы дубалга орнотсоңуз, ал кулап түшүп, денеге
оор жаракат алып келиши мүмкүн.
• Дубалга орнотуучу топтомун орнотуу учурунда бардык
төрт VESA бурамасын бекитүүнү сунуштайбыз.
• Эгерде сиз дубалга үстүнкү эки бурамасы менен гана
илинүүчү дубалга орнотуучу топтомун орноткуңуз келсе,
анда орнотуунун бул түрүн колдогон Samsung дубалга
орнотуучу топтомун колдонуңуз. (Географиялык аймакка
жараша дубалга орнотуучу топтомдун бул түрүн сатып ала
албашыңыз мүмкүн.)
• Сыналгыны 15 градустан ашык кыйшайтып орнотпоңуз.
• Дубалга орнотуу топтомдорунун стандарттык өлчөмдөрү
Unpacking and Installation Guide таблицасында
көрсөтүлгөн.
Сыналгы күйүк учурда дубалга орнотуучу
топтомду орнотпоңуз. Бул электр тогуна урунуудан
улам жаракат алууга алып келиши мүмкүн.
• Стандарттык өлчөмдөн узунураак же VESA стандарттык
бурама мүнөздөмөлөрүнө туура келбеген бурамаларды
колдонбоңуз. Өтө узун бурамалар сыналгынын ичине зыян
келтириши мүмкүн.
• VESA стандарттык бурама мүнөздөмөлөрүнө туура
келбеген дубалга орнотуу бурамаларынын узундугу
дубалга орноткучтун өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай
болушу мүмкүн.
• Бурамаларды өтө бекем бурабаңыз. Анын себебинен
өнүм бузулуп же кулап, натыйжада жаракат алып келиши
мүмкүн. Samsung мындай кырсыктар үчүн жооптуу эмес.
• Сыналгы дубалга дайым эки адамдын жардамы менен
орнотулушу керек.
–
82 дюймдук же андан чоңураак моделдерди бекитүү
үчүн төрт адам керектелет.
Сыналгыңыздын туура желдетилишин камсыз кылуу
Сыналгыны *жана One Connect кутучасын орнотууда,
туура желдетүүнү камсыз кылуу үчүн кеминде 10 см
аралык сыналгы *жана One Connect кутучасы менен
башка нерселердин (дубалдар, полканын капталдары
ж.б.) ортосунда сакталсын. Тийиштүү желдетүүнү камсыз
кылбагандыктан улам анын ички температурасы жогорулап,
андан өрт чыгып же өнүм бузулушу мүмкүн.
*: One Connect кутучасын колдогон моделдер гана
• Сыналгыны койгучка же дубалга орнотууда, Samsung
Electronics тарабынан берилген тетиктерди гана
колдонууну сунуштайбыз. Башка өндүрүүчү тарабынан
берилген тетиктерди колдонуу өнүмгө байланыштуу
көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн же өнүмдүн
кулашынан улам жаракатка дуушар болушуңуз мүмкүн.
Коопсуздук техникасы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
: Сыналгыны тартуу, түртүү
же анын үстүнө чыгуу сыналгынын кулашына
алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда,
сыналгыга асылбаңыз же туруксуздук
кылбаңыз. Мындай аракеттин натыйжасында
сыналгы оодарылып, оор жаракатка же
өлүмгө алып келиши мүмкүн. Сыналгы менен
бирге берилген Коопсуздук брошюрасындагы
бардык коопсуздук чараларын аткарыңыз.
Сыналгы көбүрөөк туруктуу жана коопсуз
болуусу үчүн, “Сыналгынын кулап кетүүсүн
алдын алуу” бөлүмүнө кайрылып, кулап
калуудан коргоочу түзмөктү сатып алып,
орнотсоңуз болот.
ЭСКЕРТҮҮ
: Сыналгыны эч качан туруксуз жерге
койбоңуз. Сыналгы кулап калып, оор жаракатка
же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Жөнөкөй
сактык чараларын көрүү менен көптөгөн
жаракаттарды алдын алууга болот, мисалы:
• Ар дайым Samsung тарабынан сунушталган полкаларды,
койгучтарды же орнотуу ыкмаларын колдонуңуз.
• Ар дайым сыналгыны коопсуз кармап турган эмеректерди
колдонуңуз.
• Сыналгы кармап турган эмеректин кырынан
чыкпагандыгын ар дайым текшериңиз.
Кыргызча - 3
Кыр
гыз
ча
Summary of Contents for QN8 D Series
Page 1: ...Samsung www samsung com...
Page 2: ...Samsung II Samsung 2...
Page 4: ...1 2 3 The Frame Samsung 4...
Page 17: ...Samsung www samsung com...
Page 18: ...Samsung II Samsung l 2...
Page 20: ...1 2 3 The Frame Samsung 4...
Page 25: ...Samsung www samsung com...
Page 26: ...Samsung 2 AC AC DC DC Samsung 1 2...
Page 28: ...1 2 Unpacking and Installation Guide 3 The Frame Samsung 4...
Page 33: ...Samsung www samsung com...
Page 34: ...Userguide Settings Support Open Userguide Samsung II Samsung I 2...
Page 36: ...1 2 Unpacking and Installation Guide 3 The Frame Samsung 4...
Page 41: ......
Page 42: ......
Page 43: ......