31
КЫРГЫЗ
–
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар
бар болсо шайманды иштетпеңиз.
–
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
КОЛДОНУУ
Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачты шампунь менен жууп,
кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен кургатып, тарап
алыңыз. Андан соң чачты тармалдатып баштаңыз.
–
Чачты туурасы 4-5 см болгон тутамдарга бөлүңүз.
–
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюңуз.
–
Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына сайыңыз.
–
Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүргүчүн (6) «ON»
абалына коюңуз, ошондо индикатор (5) күйөт.
–
Иштөө бети (2) ысыганына зарыл болгон бир нече
убакт күтүңүз.
–
Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
–
Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (7) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
–
Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
–
Бул процедураны калган чач тутамдарында
кайталаңыз.
Эскертүү:
–
биринчи иштеткенде башкача жыт пайда болуу
мүмкүн, бул нормалдуу кубулуш.
–
шайманды иштетүү мезгилинде иштөө бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан (1),
башка колуңуз менен туткасынан (7) кармаңыз.
–
иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө түпкүчүнө
(3) коюңуз.
–
чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый көрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бөлүңүз.
–
Шайманды колдонгондон кийин өчүргүчүн (6)
«OFF» абалына коюп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан ажыратыңыз.
–
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюп, толугу менен муздаганына убакыт
бериңиз.
IM MW-2411.indd 31
13.07.2018 15:55:38