![COOLFORT CF-3002 Manual Instruction Download Page 19](http://html1.mh-extra.com/html/coolfort/cf-3002/cf-3002_manual-instruction_2661072019.webp)
19
КЫРГЫЗ
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Кыш (муздак) шартында шайманды транспортто
одон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем эмес
мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
Чаң соргучту/аккумулятор батареянын кубаттандыргычын
сактоо жерин таңдапб ошол жерде дубалга бекитилүүчү
кубаттандыруу док-станциясын/сактоо үчүн кронштейнин
(10) шуруптордун жардымы менен бекитип алыңыз.
•
3М чаптамаларды колдонуп кубаттандыруу док-
станциясын/сактоо үчүн кронштейнин (10) бекитип
алыңыз. Ал жайгашкан бийиктиги чаң соргучтун бий-
иктигине ылайык болгонун текшериңиз, себеби азык-
тандыруу сапсалгысынын шнуру салаңдап тургса бол-
бойт).
•
Чаң соргучту кубаттандыргычы менен дубалдагы кар-
магычына (10) орнотуңуз (сүр. 5, 6).
•
Азыктандыруу сапсалгысынын (16) кошуу шнуру-
нун сайгычын аккумулятор батареянын (11) уясына
сайыңыз.
Аккумулятордук батареясын кубаттандыруу
Чаң соргучту биринчи колдонуунун алдында же көпкө
чейин колдонбогондон кийин аккумулятор батареяны (11)
4-5 сааттын ичинде кубаттандыруу зарыл.
Аккумулятор батареянын (11) толугу кубатын чаң сор-
гучтун максималдуу кубаттуулугунда 20 минут токтоосуз
иштетүүгө же төмөн кубаттуулугунда чамалуу 32 минут
иштетүүгө жетет.
•
Чаң соргучту кубаттандыруу үчүн кубаттандыруу док-
станциясына/сактоо үчүн кронштейнине орнотуп, азык-
тандыруу сапсалгысынын (17) кошуу шнурунун сай-
гычын чаң соргучтун аккумулятор батареянын уясы-
на сайып, азыктандыруу сапсалгысын (16) розеткага
сайыңыз, ошондо LED-дисплейде (13) иштөө/кубаттан-
дыруу индикаторлору күйүп, аккумулятор батареянын
кубатынын деңгээли көрсөтүлөт (сүр. 7).
Эскертүү:
–
Аккумулятор батареяны (11) +5° C-тан +35° C-ка
чейин температурасында кубаттандырыңыз.
–
Түзмөктү бир айдын ичинде же андан көп
колдонбосоңуз, чаң соргучту колдонуунун алдында
аккумулятор батареяны (11) толугу менен кубат-
тандырып алыңыз.
Узарткыч түтүкчөсү менен саптамаларын орнотуу
•
Узарткыч түтүкчөнү (5) чаң соргучтун аба алуучу теши-
гине бекитмеси (4) тырс эткенине чейин киргизиңиз
(сүр. 2).
•
Керектүү саптаманы: LED жарыгы бар V-сыяктуу мотор-
доштурулган щетка (7), жылчык саптаманы (8) таңдап,
аны узарткыч түтүкчөгө (5) кошуңуз (сүр. 3).
Эскертүү:
–
Зарыл болсо, LED жарыгы бар V-сыяктуу мотордош-
турулган щетканы (7) (сүр. 1, 3), жылчык саптама-
ны (8) чаң соргучтун аба алуу тешигине узарткыч
түтүкчөнү (5) колдонбой кошсоңуз болот (сүр. 4).
LED жарыгы бар мотордоштурулган
V-сыяктуу щеткасы (7)
LED жарыгы бар V-сыяктуу щетканы (7) жерди, түгү орто-
чо же кыска болгон килемдерди тазалоого колдонсоңуз
болот, щетка (7) жаныбарлардын жүнүн килемден таза-
лоого идеалдуу ылайык болот. Кылдуу валиги анын
ичиндеги электр мотордун жардамы менен айланат,
валиктин кылы жаныбарлардын жүнүн килемдин түгүнөн
эффективдүү «тарап чыгарып», таштандыларды «шыпы-
рып чыгарат».
Эскертүү:
–
Килемдердин түгү 15-ммден узун болсо LED жарыгы
бар V-сыяктуу мотордоштурулган щеткасын (7) кол-
донуга тыюу салынат.
–
Щетканы (7) электр шнурлардын үстүнөн өткөзбөңүз.
–
Щетканы (7) колдонуп имаратты жыйнап бүткөндөн
кийин чаң соргучту токтоосуз өчүрүңүз.
Жылчык саптамасы (8)
Жылчык саптамасы (8) дивандар ортосундагы радиатор-
лор, тосмолор, бурчтар жана мейкиндик тазалоо үчүн
арналган.
LED-дисплей (13)
Дисплейде иштөөтүн, ылдамдыктын белгилери жана
кубаттын проценти көрсөтүлөт.
Сүр. 7 – батареядагы электр энергиянын деңгээлин
көрсөтөт.
Сүр. 8 – ТУРБО режими.
Сүр. 9 – АВТО режими.
Сүр. 10 – жер үчүн щетканын (7) айланусу тосулган. Чач,
жип жана башка айланууга тоскоолдук кылган кирди
кетириңиз.
Сүр. 11 – чаң топтогуч контейнери толуп калышы (9).
Контенер менен чыпкаларын (14 жана 15) чаңдан
тазалаңыз.
Сүр. 12 – батарея өтө ысып кетиши: температура 75 граду-
стан ашпаганы зарыл. Нормалдуу температурасына чейин
муздаганда кайрадан иштетилсе болот.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту орнотулган чаң топтогуч
контейнери (9) жана анын ичинде орнотулган чыпка-
лары (14, 15) менен гана иштетиңиз. Чаң топтогуч
контейнердин (9) туура кураштырылып орнотулганын
милдеттүү түрдө текшериңиз.
•
Чаң соргучту ыңгайлуу сактоо үчүн дубалдагы карма-
гычты (16) колдонуңуз.
•
Чаң соргучту иштетүү же көтөрүү мезгилинде аны тут-
кадан (12) кармаңыз.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү баскычты
(1) басыңыз, чаң соргуч төмөн кубаттуулугунда иштеп
баштайт, ошондо иштетүү/кубаттандыруунун индика-
торунда (3) төрт сызыгы күйүп, ал эми дисплейде (13)
электр кубатынын проценти көрсөтүлөт.
•
• Чаң соргуч иштеп турган учурунда сиз LED дисплей-
де (13) баскычтарды (2) басып чаң соргучтун иштөө
режимдерин таңдасаңыз болот. Чаң соргучтун эки
иштөө режимдери бар:
–
төмөн кубаттуулугунда иштегенде иштөө мөөнөтү
чамалуу 32 мүнөт болот. Баскычы (2) аркылуу иште-
тилет.
–
чаң соргуч максималдуу кубаттуугунда иштеген-
де аккумулятор батареянын (11) кубаты 20 минут
токтоосуз иштетүүгө жетет; Баскычы (3) аркылуу
иштетилет.
•
Чаң соргучту көтөрүү үчүн туткасын (12) колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Көңүл буруңуз! Чаң топтогуч контейнердин (9), тор
чыпканын (14) жана НЕРА-чыпканын (15) тазалыгын
сактаңыз, себеби бул чаң соргучтун эффективдүүлүгүнө
байланыштуу.
Чаң менен таштандыларды чаң топтогуч контейнерден
(9) чаң соргучту ар колдонуудан кийин төгүп, чаң топтогуч
контейнерин (9), тор чыпканы (14) жана НЕРА-чыпканы
(15) мезгил-мезгили менен тазалап туруңуз.
Summary of Contents for CF-3002
Page 1: ...INSTRUC IUNE DE EXPLOATARE 4 7 11 15 18 21 www coolfort ru CF 3002 VACUUM CLEANER...
Page 2: ...7 9 3 2 13 5 16 8 14 15 6 10 11 1 12 4 1 2 3 4 5 6...
Page 3: ...7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 20 21 19...
Page 7: ...7 CF 3002 1 2 3 4 5 6 7 V LED 8 9 10 11 12 13 LED 14 15 16 50 60 5 C 35 C 80 www coolfort ru...
Page 11: ...11 CF 3002 1 2 3 4 5 6 7 LED V 8 9 10 11 12 13 LED 14 15 16 50 5 C 35 C 80 www coolfort ru...
Page 14: ...14 100 240 50 60 0 5 27 0 5 13 5 ZD12D270050EU info coolfort ru 3 i i i i i i i i i i i i...
Page 15: ...15 CF 3002 1 2 3 4 5 6 7 V LED 8 9 10 11 12 13 LED 14 15 16 50 5 C 35 C 80 www coolfort ru 5...
Page 18: ...18 CF 3002 1 2 3 4 5 6 7 LED V 8 9 10 11 12 13 LED 14 15 16 50 5 C 35 C 80 www coolfort ru 5...