26
Бул өнүмдү колдонуудан мурун, колдонмонун нускамасын жакшылап окуп чыгыныз
жана маалымат үчүн сактап коюңуз. Шайманды туура пайдалануу анын иштөө
мөөнөтүн бир кыйла узартат.
Ушул колдонмодо камтылган коопсуздук чаралары жана көрсөтмөлөр шайманды
иштетүүдө пайда болушу мүмкүн болгон бардык кырдаалды камтыбайт. Аппарат менен
иштөөдө колдонуучу акыл-эстүү, этият жана кылдат болушу керек.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
•
Коопсуздук талаптарын жана продукцияны колдонуу эрежелерин сактаба-
гандыктан келип чыккан зыян үчүн өндүрүүчү жооптуу эмес.
•
Бул шайман турмуш-тиричиликке ылайыкташтырылып иштелип чыккан
жана аны батирлерде, айыл жериндеги үйлөрдө, мейманканалардын бөл-
мөлөрүндө, дүкөндөрдүн, кеңселердин тиричилик бөлмөлөрүндө же бол-
босо башка ушул сыяктуу өндүрүштүк эмес чөйрөлөрдө колдонсо болот.
Шайманды коммерциялык же башка ылайыксыз колдонуу өнүмдү туура
пайдалануу шарттарын бузуу деп эсептелет. Мындай учурларда пайда
болгон баардык кесепеттерге ондүрүүчү жоопкерчиликти озуно албайт.
•
Шайманды электр тармагына кошуудан мурун, анын чыңалуусу электр
адаптеринин чыңалуусуна дал келгенин текшерип алыңыз. Бул маалымат
техникалык мүнөздөмөдө жана буюмдун фирмалык таблицасында толук
көрсөтүлгөн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Шаймандын капкагын эч качан ачпаңыз.
Шаймандын изоляцияланбаган ички бөлүктөрүнө тийүү,
токко урунуу ыктымалдыгынан улам өтө кооптуу.
•
Шайманды узак убакытка чейин колдонбогондо жана тазалоо учурунда
электр тармагынан ажыратыңыз. Сайгычты шнурунан эмес, кармагыч же-
ринен кургак кол менен кармап электр тармагынан ажыратыныз. Этиятсы-
здык кабелдин үзүлүшүнө же электр тогунун урушуна алып келиши мүмкүн.
•
Узартуу шнурун колдонгондо, анын шаймандын электр кубатын керектөөсү
үчүн ылайыкташкандыгын текшериңиз. Параметрлердин шайкеш эмести-
ги кабелдеги кыска туташууга же өрткө алып келиши мүмкүн.
•
Электр питаниянын шнурун ысык жерге, газдын же электр плиталардын
жанына койбоңуз. Шнурдун буралбаганына, чатышпаганына, мебелдер-
дин астында басылып калбаганына, курч-мийиздүү нерселерге тийбеге-
нине көңүл буруңуз.
•
Шайман туташтырылган электр розеткасына ар дайым оңой жетүүгө ылай-
ык болушу шарт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН: Электр питаниянын кабелинин коку
-
стан зыян тартуусу түрдүү мүчүлүштүктөргө алып келет;
кепилдик шарттарын бузган болуп эсептелесиз, ошондой
эле электр тогуна урунушуңуз мүмкүн. Зыян тарткан
электр кабелин тез аранын ичинде кызмат көрсөтүү бор
-
борлорунан алмаштыруу керек.
•
Шаймандын үстүнө бир нерсе койбоңуз, үстүнө олтурбаңыз жана чыкпаңыз.
Көзүңүздү инфракызыл нурлардын таасиринен сактаңыз.
Алыстан башкаруучу пульттун нурун көзүңүзгө карат
-
паңыз.
•
Аппаратты жумшак нерсенин үстүнө койбоңуз, желдетүүчү тешиктерди
бөтөн нерселер менен жаап койбонуз, анткени бул ысып кетүүгө жана
шайманга зыян келтириши мүмкүн.
•
Аппаратты ачык мейкиндикте колдонбоңуз – корпусунун ичине ным же
бөтөн нерселер кирип кетсе (жамгыр, суу ж.б), олуттуу зыян келтириши
мүмкүн.
•
Шайманды тазалоодон мурун, анын розеткадан толук ажыраганын, толугу
менен муздаганын текшериңиз. Шайманды тазалоо боюнча көрсөтмөлөрдү
так аткарыңыз.
Шаймандын корпусун сууга салбаңыз же агын суунун асты
-
на койбоңуз!