18
- Тармак адаптери - 1 д.
- Стайлерге тарак-саптама - 1 д.
- 3 мм кыркуучу тарак-саптама - 1 д.
- 6 мм кыркуучу тарак-саптама - 1 д.
- 9 мм кыркуучу тарак-саптама - 1 д.
- 12 мм кыркуучу тарак-саптама - 1 д.
- Щётка - 1 д.
- Майлоочу май - 1 д.
- Колдонуучунун жетекчилиги - 1 д.
4. ИШТЕТҮҮ
КҮБАТТОО
Шайманды биринчи жолу колдонуудан мурун, машинка жакшы иштеши үчүн,
батареяны 16 саат бою кубаттоо керек. Бул үчүн, шаймандын күйүп турганын
текшериңиз. Машинканы кубаттоо аянтчага сайыңыз. Тармак адаптердин
штекерин аянтчадагы туташтыргычка, адаптердин сайгычын болсо электр
розеткага туташтырыңыз.
Кубаттоо көрсөткүчү күйөт.
Шайманды кубаттоонун 2 жолу бар:
1) кубаттоо аянтча аркылуу;
2) тармак адаптерди түздөнтүз шайманга туташтыруу аркылуу.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
- Шайманды ванна же душ бөлмөсүндө колдонбоңуз.
- Шайманды күн нуру жана жылуулук булактары менен байланышына жол
бербеңиз.
- Шайманды кургак гана колдоруңуз менен кармаңыз.
- Эгерде электр кабели эскирген же шайман корпусундагы розеткага так
сыйбаса, шайманды колдонбоңуз.
- Иштетүүнүн башында чач кырккыч машинканын бычагын атайын, топтомдо
кошо келген, майы менен майлап коюңуз.
САПТАМАЛАРЫН КОЛДОНУУ
ЧАЧ КЫРКУУЧУ САПТАМА
1. Чач кыркуучу саптаманы шаймандын негизги корпусуна орнотуңуз.
2. Берилген шайман 4 кошумча, ар кандай кесүү узундугу бар (3, 6, 9, 12),
саптамага ээ. Сизге керектүү саптаманы орнотуңуз.
3. Күйгүзүү баскычын басыңыз.
4. Кыркууну баштай бериңиз.
УСТАРА САПТАМА
1. Устара саптаманы шаймандын негизги корпусуна орнотуңуз.
2. Күйгүзүү баскычын басыңыз.
3. Кырууну баштай бериңиз. (Көңүл буруңуз: устарасаптама жүз менен моюн
үчүн арналган).
ЭСКЕРТҮҮ:
кыруу учурунда саптаманытериңизге аябай бастырбаңыз - бул
устаранын торчосуна, же териңизге зыян келтириши мүмкүн (мисалы, күйүү
сезими, уйкусуроо же оору).
МУРУН МЕНЕН КУЛАК ҮЧҮН ТРИММЕР САПТАМА
1. Мурун жана кулак үчүн триммер - саптаманы шаймандын негизги кор
-
пусуна орнотуңуз.
2. Күйгүзүү баскычын басыңыз.
3. Триммердин учун мурдуңуздун ичине киргизиңиз. Саптаманы киргизип
чыгарып, айлануу аракеттерди жасаңыз. Саптаманы мурун, кулак ичин
-
деги кылдарды алганга, каштарды тегиздегенге колдонуңуз. Каштын өзүн
кыркууга сунушталбайт.
ЭСКЕРТҮҮ:
саптаманы колдонуудан мурун, мурдуңуздун ичин тазасын текше
-
риңиз. Сураныч, триммердин учун мурдуңуздун жана кулагыңыздын ичине
0,5 см ден терең батырбаңыз.
СТАЙЛЕР
-
САПТАМА
1. Стайлер саптаманы шаймандын негизги корпусуна орнотуңуз.
2. Күйгүзүү баскычын басыңыз.
3. Сакал менен кыркууну жасалгалоосун баштай бериңиз.