30
КЫРГЫЗ
•
Баскычты (6) «ON/OFF» басып, түзмөктү
иштетиңиз.
•
Шайманды иштетүү учурунда топтомуна кир-
ген түрткүчтү (16) гана колдонуңуз; жашылча-
жемиштерди башкача буюмдар менен
түртүүгө тыюу салынат, жашылча-жемиш-
терди бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз
(сүр. 15).
•
Иштетип бүткөндөн кийин баскычты (6) «ON/
OFF» басып, түзмөктү өчүрүңүз, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан суруп, андан
соң гана жашылча-жемиш туурагычты (15)
чечип баштасаңыз болот.
•
Жашылча жемиш туурагыч саптамасын (15)
чечүү үчүн бекитме баскычын (5) басып,
жашылча-жемиш туурагычын (15) саат
жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
•
Жашылча-жемиш туурагыч саптамасы-
нан (15) коюлган саптамасын (17, 18 же 19)
чыгарыңыз.
•
Чечилме бөлүктөрүн нейтралдуу жуучу кара-
жат менен жылуу сууга жууңуз. Чайкап, курга-
тып алыңыз.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ КАРОО
•
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
баскычты (6) «ON/OFF» басып, кубаттуучу сай-
гычын электр тармагынан суруңуз.
•
Бекитме баскычын (5) басып, эт туурагычтын
бөркүн саат жебесинин багыты боюнча бурап,
чечип салыңыз.
•
Гайканы (12) бурап бошотуп, коюлган панжа-
расын (10 же 11), бычагын (9) жана шнегинен
(8) чечиңиз.
•
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнөн (3)
чыгарыңыз.
•
Шнектен (8) азыктардын калдыктарын алып
салыңыз.
•
Эт туурагыч менен жашылча-жемиш майда-
латкычтын бөлүктөрүн (1, 2, 3, 8, 9, 10 же
11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19) нейтралдуу
жуучу каражат менен жылуу сууга жууп, чай-
кап, кураштыруунун алдында жакшылап кур-
гатып алыңыз.
•
Эт туурагычтын бардыгы чечилме бөлүктөрүн
жууш үчүн идиш жуучу аспапты колдонууга
тыюу салынат.
•
Эт туурагычтын корпусун (6) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
•
Эт туурагычтын корпусун (6) тазалоо үчүн
эриткичтерди же абразивдүү жуучу каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
•
Эт туурагычтын корпусунун ичине суу куюлуу-
суна жол бербеңиз.
•
Туздуу же кычкыл азыктарды иштеткенден
кийин эт туурагычтын же жашылча-жемиш
майдалаткычтын чечилме бөлүктөрүн дароо
суу менен чайкоо зарыл.
•
Кээ бир өтө боёчу сапаты бар азыктарды
(сабиз же кызылча катары) иштеткенде пла-
стик бөлүктөр боелуп калышы мүмкүн, боекту
өсүмдүк майына малынган кургак чүпүрөк
менен кетирсеңиз болот, тазалагандан кийин
насадкаларды нейтралдуу жуучу каражат
менен жууп, чайкап алыңыз.
•
Кургатылган бөлүктөрүн сактоо үчүн алып
салуунун алдында панжаралары (10, 11)
менен крест сыяктуу бычагын (9) өсүмдүк май
менен майлап салыңыз – ошентип алар кыч-
кылдануудан сак болот.
САКТОО
•
Эт туурагычты сактоого алып салуунун
алдында анын корпусу менен болгон чечилме
бөлүктөрү таза жана кургак болгонун текше-
рип алыңыз.
•
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чек-
телген адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Эт туурагыч – 1 даана.
Түрткүч – 1 даана.
Азыктарды салуучу идиши – 1 даана.
Панжаралары – 2 даана.
Колбаскаларды толтуруу насадкасы – 1 даана.
“Кеббе” жасоо үчүн насадкасы – 1 даана.
Жашылча-жемиш туурагыч саптаманын
корпусу – 1 даана.
Жашылча-жемиш туурагыч саптаманын
түрткүчү – 1 даана.
Майда сүргүч – 1 даана.
Драник жасагыч саптама – 1 даана.
Туурагыч – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 250-300 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 2000 Вт
IM VT-3646.indd 30
4/14/20 2:01 PM