- Кыргызча 135 -
Маанилүү
Түзмөктү колдонуудан мурун ушул колдонуучу маалыматын кылдат окуп чыгыңыз
жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Коркунуч
-
Мотор блогун эч качан сууга же башка суюктукка салбаңыз
жана крандагы сууга чайкабаңыз.
Эскертүү
-
Шайманды туташтыруудан мурда шайманда көрсөтүлгөн
чыңалуу жергиликтүү тармактын чыңалуусуна дал келерин
текшериңиз.
-
Эгер адаптер, электр кабели же шайман өзү бузук болсо,
шайманды колдонбоңуз.
-
Эгерде электр кабели бузулган болсо, коркунучтун алдын
алуу үчүн Philips'ке, Philips тарабынан уруксат берилген
тейлөө борборуна же ушул сыяктуу квалификациялуу
адамдарга алмаштыртышыңыз керек.
-
Эгер коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар менен
таанышып же көзөмөл алдында болуп, шаймандын
коркунучтары тууралуу кабарланган болсо, бул шайманды
физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси чектелген
адамдар же тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
-
Бул шайманды балдар колдонбошу керек. Шайманды жана
анын шнурун балдар жетпейт турган жерге коюңуз.
-
Балдар шайман менен ойнобошу керек.
-
Шайман сайылып турганда жана тазалоо учурунда бычак
блогунун курч кесүүчү учтарына тийбеңиз. Кесүүчү
жээктери абдан курч.
-
Эгер бычак блогу тыгылып калса, бычактарды тосуп калган
ингредиенттерди чыгарардан мурун, шайманды
розеткадан сууруңуз.
-
Буулоо учурунда шайман абдан ысып кетип, тийгенде күйүп
калууга алып келиши мүмкүн. Идишти туткасынан гана
көтөрүңүз.