33
КЫРГЫЗ
эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
•
Түздөткүчтү иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
•
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил жалындап
кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде колдонбоңуз.
•
Чачты түздөтүп бүткөндөн кийин гана лакты колдонуңуз.
•
Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар дайым
шайманды электр тармагынан суруңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
•
Шаймандын корпусун, электр шнурун жана сайгычын
суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Шайманды ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, шаймандын корпусун, электр
шнурун жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Ваннада киринген убакытта шайманды колдонбоңуз.
•
Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана шайманды
суудан чыгарсаңыз болот.
•
Электр шнурдун жана сайгычтын бузулуулары бар
болсо шайманды колдонбоңуз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонулган
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат
бербеңиз. Тумчуктуруунун коркунучу бар!
•
Шайман иштеген учурда балдарга шаймандын корпусун,
электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын тийгенге
уруксат бербеңиз.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн балдарга
көз салыңыз.
•
Шайман иштеп турган учурда жанында балдар же
жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар бар болгондо өзгөчө
абайлап туруңуз.
•
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
IM VT-8432_70x130.indd 33
12.01.2017 9:27:29