25
КЫРГЫЗ
•
Температура жөндөгүчүн (11) «min» аба-
лына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн
жөндөгүчүн (3) болсо
– буу берүү
өчүрүлгөн абалына коюңуз.
•
Суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачыңыз.
•
Өлчөмдүү чынысы (14) менен сууну суу
чукуруна (10) куюңуз, андан кийин капкагын
(2) бекем жабыңыз.
Эскертүү:
•
Сууну «max» белгисинен (12) ашырып
куйбаңыз.
•
Үтүктөп турган учурда суу куюу керек
болсо, биринчиден үтүктү өчүрүп, сайгы-
чын электр розеткасынан ажыратыңыз.
•
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин
суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачып,
үтүктү көмкөрүп калган суусун төгүп
алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13)
жана суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү
үчүн шайманды бир чүпүрөктүн үстүндө иште-
тип көрүңүз.
•
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу
үтүктөө температурасы жазылган белгисин
ар дайым карап алыңыз.
•
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо
, аны үтүктөсө болбойт.
•
Эгерде үтүктөө жөнүндөгү маалымат бел-
гиси жок болуп, сиз кездеменин түрүн
билсеңиз, үтүктөө температурасын таңдоо
үчүн таблицаны карап алыңыз.
Үтүктөө температурасын таңдоо таблицасы
Белгилер
Кездеменин түрү
(температура)
үтүктөсө болбойт
•
синтетика, нейлон,
акрил, полиэстер (төмөн
температурасы)
••
жибек/жүн (орточо
температурасы)
•••
кебез/зыгыр (жогору
температурасы)
•
Таблица түрсүз кездемелерге гана ылайык.
Кездеменин түрү башка болсо (гофрелен-
ген, рельефтүү ж. б.), аны төмөн темпера-
турада үтүктөсө жакшы болот.
•
Биринчиден кийимди үтүктөө температура-
сына ылайыктуу бөлүштүрүп алыңыз: син-
тетиканы синтетикага, жүндү жүнгө, кебезди
кебезге ж. б.
•
Үтүк муздаганынан бат ысыйт. Ошол үчүн
биринчиден төмөн температурадагы кий-
имдерди (мисалы, синтетикалык кездеме-
лерди) үтүктөө зарыл. Андан кийин үтүктөө
температурасы жогоруураак нерселер-
ди (жибек, жүн) үтүктөп баштаңыз. Кебез
жана зыгыр кездемелерди эң акырында
үтүктөсөңүз болот.
•
Кездеме аралашма жиптерден жасалган
болсо, эң төмөнкү үтүктөө температура-
сын аныктоо зарыл (мисалы, кездеме 60%
полиэстерден жана 40% кебезден жасалган
болсо, аны полиэстерге ылайык температу-
расында «
•
» үтүктөө зарыл).
•
Сиз кездеменин составын аныктай
албасаңыз, кийимдин кийип турганда
көзгө анча көрүнбөгөн жерин табып таж-
рыйба ыкмасы аркылуу үтүктөө темпера-
турасын аныктаңыз (ар дайым эң төмөнкү
температурадан баштап, аны керектүү
жыйынтыкка жеткенге чейин аз-аздан
көтөрүп түрүңуз).
•
Вельвет жана башка тез жалтырап башта-
ган кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир
тарабына (түгү боюнча) жылдырып бир аз
басымы менен үтүктөңүз.
•
Синтетика жана жибек кездемелерде жал-
тыраган тактарды калтырбоо үчүн аларды
ички жагынан үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Жөндөгүчүн (11) бурап, керектүү темпе-
ратурасын коюңуз: «
•
», «
••
», «
•••
» (кезде-
менин түрүнө карата) ошондо индикатор
(7) күйөт.
•
Үтүктүн таманы (13) таңдалган температу-
расына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт,
эми үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
•
Сиз жогору температурасында үтүктөгөн
учурунда төмөн температурасына өтүү
зарыл болсо, тамандын температура-
сы төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
•
Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир
нече жолу басып, кездемени нымдатсаңыз
болот.
•
Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
Summary of Contents for MW-3006
Page 1: ...MW 3006 28 23 18 13 8 3...
Page 2: ...1 5 4 6 10 11 12 13 2 8 14 9 7 3 M A X...
Page 3: ...3 MW 3006 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30...
Page 4: ...4 www maxwell products ru 13 3 2 SELF CLEAN 4 5 7 11 min max 10 10 11 min 3 2 14 10 2 max 12...
Page 5: ...5 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 7 5 10 9 3 11 7 13 7 11 min...
Page 13: ...13 MW 3006 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30...
Page 14: ...14 www maxwell products ru 13 3 2 SELF CLEAN 4 5 7 11 min max 10 10 11 min 3...
Page 15: ...15 2 14 10 2 max 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 7 5 10 9...
Page 18: ...18 MW 3006 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30 i i...
Page 19: ...19 i www maxwell products ru 13 3 2 SELF CLEAN 4 5 7 11 min max 10 10...
Page 20: ...20 11 min 3 2 14 10 2 max 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 7 5 10 9...
Page 23: ...23 MW 3006 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30...
Page 24: ...24 www maxwell products ru 13 3 2 SELF CLEAN 4 5 7 11 min max 10 10...
Page 25: ...25 11 min 3 2 14 10 2 max 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 7 5 10...
Page 33: ......